КМШ менен ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынтыктоочу саммитинин видеосу

Бишкекте КМШ менен ЕАЭБ өкмөт башчыларынын биргелешкен жыйыны өттү. Катышуучулар бул эки уюм кызматташуунун эффективдүү форматы экенин айтышты. Отурумда энергетика, финансы, өнөр жай жана башка тармактар боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынды. Премьер-министрлер Кыргызстанга жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдиришти. КМШ саммитинин жыйынтыгында 20 документке кол коюлду, ал эми ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда 26 документ каралды. КМШнын премьерлери кийинки жылдын май айында Түркмөнстанда чогулат. Ал эми ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кийинки жыйыны Казакстанда өтөт.
Back to Top