Путин Москвадагы стадиондо чогулган миңдеген адамдын алдында сүйлөдү
Россиянын президенти Владимир Путин 23-февралга карата “Лужники“ стадионунда уюштурулган митинг-концертте сөз сүйлөдү.
“Биз Ата Мекенди коргоочулар күнүнүн алдында сиздер менен жолугушуп отурабыз. Бул сөздүн мааниси өтө чоң жана ыйык. Мекен — бул үй-бүлө. Жүрөгүбүздүн түпкүрүндө мекен менен үй-бүлө биз үчүн бир эле нерсе“, — деди Россиянын лидери.
Ал үй-бүлөсү менен Мекенин коргойм деп чечим чыгарган адамдар бар экенин белгиледи.
“Мен жаңы эле өлкөнүн жогорку аскердик жетекчилигинин докладын уктум. Учурда биздин тарыхый чек араларыбызда салгылашуу жүрүп жатат. Анда ушул жерде турган адамдардай эле кайраттуу аскерлер күрөшүп жатат. Биз алар менен сыймыктанабыз“, — деди Путин.
67 views
353
86
5 months ago 00:09:05 1
⚡️ТЕЗКОР! РОССИЯДАГИ УЗБЕК ТАДЖИК КЫРГЫЗ МИГРАНТЛАР ВИЛАДИМР ПУТИНИХАМ ЙИГЛАТАДИГАН ИШ КИЛДИ
5 months ago 00:09:46 1
⚡️ТЕЗКОР! СРОЧНО УЗБЕК ТАДЖИК КЫРГЫЗ КУРИНГ БУ УЗБЕК РУСЛАРНИ АСЛ ЮЗИНИ ОЧИБ ТАШЛАДИ
5 months ago 00:04:24 1
❗️ДИККАТ! МИГРАНТ РОССИЯДА ГЕРОЙГА АЙЛАНДИ. СРОЧНО УЗБЕК ТАДЖИК КЫРГЫЗ ВИДЕОНИ КУРИНГ ВА ТАРКАТИНГ